Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 21:42

Конфессия аралык диалогду өнүктүрүү боюнча форум өтөт


Орус православ чиркөөсүнүн башчысы, патриарх Кирилл менен Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Бишкек, Кыргызстан.

Бүгүн Бишкекте “Кыргызстандагы конфессия аралык диалогду өнүктүрүү жана анын азыркы абалы” деген форум өтөт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Медер Өмүрбековдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, жыйында бардык конфессия өкүлдөрү баяндама жасайт.

Форумга Кыргызстандагы мусулмандар дин башкармалыгынын, орус-православ, рим-католиктик чиркөөлөрүнүн, иудаисттер коомунун, буддизм жана башка конфессиялардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер катышат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев диний чөйрөнү иретке келтирүүнү өз максаттарынын бири экенин айтып жургөн. Бул багытта атайын концепция иштелип чыгып, диний билим берүүнү тартипке салуу милдети коюлган эле.

2014-жылы кабыл алынган бул концепция 2020-жылга чейинки диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG