Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учурушуна байланыштуу чукул жыйын өткөрөт. Бул тууралуу уюмдун алдындагы АКШ өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка караганда, чукул жыйынга чогулуп, маселени талкуулоону Жапония жана Түштүк Корея сунуш кылышкан. “Ассошиэйтед пресс” агенттиги Түндүк Кореяга карата катуу чара көрлүшү ыктымал экенин жазды.
Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынаганын 29-ноябрда Түштүк Кореянын маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Ракета канчалык алыска жеткени жана буга чейин сыналган баллистикалык ракеталардай болуп Жапонияга караштуу аралдын үстүнөн учуп өткөн-өтпөгөнү азырынча анык эмес. Түндүк Корея тараптан “балким” ракета атылганын байкаганын АКШ Коргоо министрлиги – Пентагон да билдирди.
Пхеньян быйыл бир нече ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын сынап, аны менен катар алтынчы өзөктүк жардыруусун да жасаган.
Буга жооп кылып БУУнун Коопсуздук кеңеши өз санкцияларын мурдагыдан да күчөткөн. АКШ да Түндүк Кореянын режимин каржы булактарынан ажыратуу боюнча чара көрүүдө. (КЕ)