Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 02:15

Өкмөт ички авиакаттамдардын билет баасына дайыма эле таасир эте албайт. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, учак билеттеринин баасы 20 пайыз кескин кымбаттаганда гана мамлекет кийлигишпесе, калган учурда жеке авиакомпаниялар каалаган баага сатууга укуктуу.

- Аларга мындай тариф менен билетиңерди саткыла деген буйрук чыгарууга мүмкүнчүлүк каралган эмес. Эгерде баа дароо 20 пайыз кымбаттап кетсе, биз мамлекет тарабынан бааларды киргизишибиз мүмкүн. Маселен, азыр көмүр баасы кескин кымбаттап кеткендиктен мамлекет 90 күнгө өз баасын койду. Ал эми авиакомпанияларга биз учурда тарифтерди, бааларды коё албайбыз.

Буга чейин Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкек-Ош авиакаттамдын баасы 4500 сомго чейин кымбаттап кеткенин айтып, өкмөт чара көрүшү керектигин талап кылган.

Монополияга каршы агенттиктин маалыматында, ички рейсти жүргүзгөн компаниялардын орточо билет баасы 2300 сом, ал эми 4500 сомдон жогору билет саткан учурлар өтө сейрек кездешет.

Алсак “Эйр Манас” айына 36 миңден ашык жүргүнчүнү ташыса, 300дөн ашык жүргүнчү 4500 сомдон сатып алат. Бул жалпы бир айда сатылган билеттин бир пайызын да түзбөйт.

Ал эми “Avia traffic” жана “Эйр Кыргызстанда” бул көрсөткүчтөр айына он билетке жетпейт. Авиакомпаниялардын маалыматында, жарандар алдын ала билет алса, өз баасында сатып алууга мүмкүн болот. Ал эми учуу күнү билет баасы кескин жогорулайт жана бул эл аралык нормаларга туура келет. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG