Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

"100% жүрөк кемтиги менен төрөлгөндөр" боюнча түшүндүрмө берилди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектин борбордук бөлүгүндө жашаган келиндер төрөгөн балдар 100% жүрөк кемтиги менен ооруйт деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий изилдөө институтунун директору Жамал Ашимовдун айтымында, быйыл февраль айынан бери бул мекемеге каттоого алынган жана жүрөк кемтигине байланыштуу операция жасалган балдардын саны 467 болду.

Алардын 23% Бишкекте, 21% Чүйдө, 12% Ысык-Көлдө, 10% Ош жана Жалал-Абадда, 9% Баткенде, 8% Нарында жана 5% Таласта жашагандар. Чет элдиктер (Тажикстан) 0,2% түзөт.

Доктурлар Бишкекте жана Чүйдө медициналык жардамга кайрылгандардын санынын көптүгүн негизинен ички миграция менен байланыштырып жатышат.

“Бейтап балдардын энелери Бишкектин борборунда жашайт” деген маалымат чындыкка дал келбейт” деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.

Бир нече күндөн бери интернетте Бишкектин борбордук бөлүгүндө жашаган энелердин баарынын балдары жүрөк кемтиги менен төрөлүүдө деген маалымат кызуу талкууга алынып жатат.

Жумушсуздуктун айынан Кыргызстанда ички жана тышкы миграциянын деңгээли жогору болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG