Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Жээнбековдун Москвадагы сапары башталды


Сооронбай Жээнбеков Москвага учуп келди.
Сооронбай Жээнбеков Москвага учуп келди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 29-ноябрда Орусиянын жетекчилигинин чакыруусу боюнча Москвага учуп барды. Бул анын президенттик кызматка киришкенден берки алгачкы иш сапары.

Бүгүн Жээнбеков Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, тараптар кыргыз-орус эки тараптуу мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык бирикменин алкагында өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Иш сапарынын алкагында Жээнбеков орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен да жолугушат.

Андан ары президент иш сапары менен Беларуска барып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги сессиясына катышат.

XS
SM
MD
LG