Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:46

Сербияда «Жаңы жибек жолу» долбоорунун бир бөлүгү ишке ашырыла баштады


Сербиядагы иш-чарадан бир көрүнүш. Ноябрь, 2017-жыл.

Сербияда Кытай каржылаган «Жаңы жибек жолу» долбоорунун бир бөлүгү болгон темир жолдун курулушу кечээ башталды. Ошол эле күнү Кытайдын премьер-министри Ли Кецян Будапештте Сербия менен Венгриянын өкмөт башчылары менен жолугушту.

Белград менен Будапештти байланыштырган темир жолдогу тилкени мдернизациялоого Сербия май айында Кытайдын Эксим банкынан 297 жарым миллион доллар карыз алган.

Жолду ылдам жүрүүчү поезддерге ылайыкташтыруу иши 3,8 миллиард долларга бааланууда. Ал жол аркылуу грециялык Пираэус портуна жеткирилген кытайлык товарлар Европанын калган бөлүгүнө ташылып турмакчы.

Сербиянын премьер-министри Ана Брнабичтин айтымында, бул Кытай менен Европа Биримдигинин Сербияны камтылган алгачкы долбоору.

XS
SM
MD
LG