Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:50

Канатбек Бегалиев башкы машыктыруучулук кызматтан кетти


Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинова Канатбек Бегалиевге “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын жана спортунун отличниги” төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырууда. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев өз кызматын тапшырды. Бул тууралуу Бегалиев бүгүн 29-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ал18-октябрда бул кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.

Ал ошондой эле билим алып, келечекте саясатка аттануу ниети бар экенин кошумчалады.

- Келечекте илим-билим алып, парламентке барып спорттун көйгөйлүү маселелерин чечейин деген ой-максатым бар. Жогорку билимим бар. Дене тарбия академиясында окугам, андан тышкары экономика факультетин аяктагам. Эми чет тилдерди үйрөнүп, дагы дүйнө таанымымды кеңейтейин дейм. "Спортчу саясатка барса эмне иш кылат?" деп сурашат. Спортто ийгилик жараткандардын көбү карьерасын аяктагандан кийин парламентте депутат болгон учурлар көп. Азырынча мага партиялардан сунуш боло элек. Саясатка баруу кыялым. Башкы машыктыруучулук кызматта жүрүп алган билимимди толугу менен шакирттериме үйрөтө алдым деп ойлойм,- деди Бегалиев.

Канатбек Бегалиев быйыл январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигин "машыктыруучулардын ишине кийлигишип, басым жасап жатат" деп сындап чыккан эле.

Ал 2012-жылдын аягында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. Бул кызматка ал быйыл январь айында төрт жылдык мөөнөткө кайра бекитилген эле. Анын милдетин ага машыктыруучу Азат Эркинбаев убактылуу аткарат.

Бүгүн 29-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинова Канатбек Бегалиевге Кыргызстандын спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын жана спортунун отличниги” төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырды.

Канатбек Бегалиев 33 жашта. 2006-жылы дүйнө чемпиондугунда (Гуанчжоу. 2006-ж.) күмүш медал тагынган (66 кг). 2008-жылы Кытайдын борбору Бээжин шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарында күмүш байге алган. Азия чемпионаттарында алтын (Бишкек. 2007-ж.), күмүш (Чеджу. 2008-ж.) жана коло (Дели. 2003-ж.) байгелерди алган. (ECh)

XS
SM
MD
LG