Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Нью-Йорктогу теракт: Саипов күнөөсүн моюнга алган жок


Нью-Йорк шаарында 8 кишини автоунаа менен атайылап тебелеген өзбекстандык иммигрант Сайфулло Саипов кечээ шаардын райондук сотунда күнөөсүн моюнга алган жок.

Анын адвокаты Дэвид Паттон кабарчылар менен болгон маегинде анын сотто айткандарына комментарий берүүдөн баш тартты.

Кошмо Штаттарга 2010-жылы грин-картанын негизинде барган Саипов 31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен районунда жүк ташуучу чакан автоунаа менен сегиз кишини сүзүп өлтүргөндөн кийин дароо камакка алынган.

Мындан сегиз күн мурда Нью-Йорк сотундагы чоң жюри Саиповго каршы 22 айыптан турган жаңы кортундуну бекиткен болчу.

Ал документке ылайык, Саипов сегиз кишини өлтүргөнү, 12 кишиге кол салганы, “Ислам мамлекети” террордук тобун колдогону үчүн айыпталууда.

Ага чейин болсо америкалык прокурорлор өзбекстандык иммигрантты терроризм боюнча да күнөөлөшкөн.

Эгер Саипов сотто киши өлтүргөнү үчүн күнөөлүү болуп табылса, өлүм жазасына өкүм кылынышы мүмкүн.

31-октябрдагы кан төгүү үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган.

Бул окуядан кийин АКШ президенти Доналд Трамп иммигранттарды текшерүүнү күчөтүүгө буюрук берип, алардын бул өлкөгө келип, туруктуу жашоосуна уруксат берген грин-картанын ээсин лотерея менен аныктаган программаны токтотууну да сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG