Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Кабул-Ташкент түз абакаттамы иштей баштады


Ооганстандын "Кам Эйр" авиакомпаниясынын жүргүнчү ташыган учагы бүгүн Ташкенттин эл аралык аэропортуна конду. Бул Кабул менен өзбек башкалаасынын ортосундагы алгачкы коммерциялык түз рейс болду. Буга чейин өзбек бийлиги эки борборду туташтырган каттам боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана 8-декабрдан тартып жумасына эки ирет учуп турарын билдирген.

Мурда оогандыктар Ташкентке Стамбул же Дубай аркылуу учуп, жолго 17-32 саатка чейин кетчү. Ал эми түз учса 90 мүнөттө жетет. "Кам Эйр" Ташкент аэропортун Европа шаарлары менен байланыштырган хаб катары колдонууну көздөйт.

Ал эми "Өзбекстан аба жолдору" компаниясынын учактары Ташкенттен Кабулга жакын арада уча баштай тургандыгы айтылууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кошуна өлкөлөр менен алакаларды өнүктүрүү анын тышкы саясатынын башкы багыты болорун айтып келатат.

XS
SM
MD
LG