Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:16

Орусияда “Роснефттин” мурдагы кызматкерлери камалды


Орусиянын Ички иштер министрлиги “Роснефть” мамлекеттик корпорациясынын мурдагы бир нече кызматкерлери камалганын билдирди. Алар 300 млн. рубль уурдаган деп айыпталууда. Камалгандар арасында “Роснефттин” борбордук аппаратында иштеп кеткендер да бар. Канча киши камалганы жана алардын аты-жөнү айтылган эмес.

Кылмыш иши “ири суммада шылуундук кылуу” беренесинин негизинде козголгон. Айыпталуучулар жасалма документ менен “Роснефттин” алдындагы аты аталбаган компанияга 300 млн. рубль которуп, кийин аны акчалай алышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG