Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Сапар Исаков Сочиде ШКУнун жыйынына катышат


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков 30-ноябрь-1-декабрь күндөрү Сочи шаарында өтчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 16-жыйынына катышат.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, премьер-министрлер адегенде өзүнчө жыйын куруп, андан кийин расмий делегациялардын катышуусунда кеңейтилген курамда жолугушат.

ШКУга кирген мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар, ШКУнун алкагындагы долбоордук иштерди финансылык жактан камсыз кылуу механизмдери талкууланат.

Сочиде Сапар Исаковдун бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландалган.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлушу пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG