Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:13

Сирия оппозициясы Орусияны Асадга басым жасоого чакырды


Сириянын оппозициялык делегациясынын башчысы Наср Харири.

Сириядагы жаңжалды алты айдын ичинде жөнгө салыш үчүн Орусия Сириянын президенти Башар Асадга басым жасашы керек. Мындай пикирин Сирия оппозициясынын бирдиктүү делегациясынын башчысы Наср Харири Женевадагы жыйында 29-ноябрда билдирди. Анын айтымында Орусиянын жана башка мамлекеттердин басымы менен гана Асаддын режими сүйлөшүү процессине катышат.

Улуттар Уюмунун демилгеси менен өткөрүлүп жаткан Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы Женевада 28-ноябрда башталган. Бир күн мурда Сирия өкмөтүнүн делегациясы оппозиция менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын билдирген. Буга оппозициянын Асаддын кызматтан кетишин талап кылуусун улантканы түрткү болгон.

Сириядагы жарандык согушта азыркыга чейин 330 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылып, алты миллиондой адам өлкөнүн сыртына качып чыгып, 5 миллиондой киши өлкө ичиндеги качкынга айланды.

Жарандык согуш президент Башар Асаддын режими 2011-жылдын жазында демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып чыккан демонстранттарды күч менен басууга аракет кылгандан тартып башталган

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG