Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Балыкчы-Корумду автожолунун курулушу убактылуу токтоду


Балыкчы-Корумду жолундагы курулуш иштери.
Балыкчы-Корумду жолундагы курулуш иштери.

Балыкчы-Корумду автожолунун курулушу убактылуу токтоду, бул боюнча жасалып жаткан иштер 2019-жылга чейин барышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди. Анын сөзүнө караганда, курулуш иштери бүгүнкү күнгө карата 40% бүткөрүлдү:

- Толук бойдон качан бүтөрүн божомолдоп да айта албайбыз. Эмдиги жылы бүтпөсү анык. 2019-жылга өтөт го.

Министрдин айтымында, Балыкчыдан Тамчыга чейинки жолдун көпүрөлөрү салына баштаган. Чолпон-Атадан Корумдуга чейин бардык көпүрөлөр курулуп, асфальтка даярдалган. Өкмөт бул иштерди келерки жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарына карата бүткөргөнү жатат.

Учурда жолду куруп жаткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясына кыргыз өкмөтү болжол менен 150 миллион сомдой карыз. Министрдин айтымында, бул акча төлөнгөндөн кийин курулуш иштери уланат.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги бул автожолдун курулушу 2015-жылы башталган. Аны эки жыл ичинде бүткөрүү пландалган.

29-ноябрда парламентте маалымат берип жатып премьер-министр Сапар Исаков курулуш азырынча токтогонун айткан. Ал келерки жылга 600 миллион сомдук каржат каралып жатканын билдирген.

Балыкчы-Корумду жолунун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Аны курууга 7 миллиард сом каражат сарпталары айтылган. Бул акча өлкөнүн бюджетинен каралышы керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG