Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Жогорку Сот Zanoza.kg боюнча чечимдердин бирин күчүндө калтырды


Жогорку Сот Zanoza.kg сайтына карата буга чейин райондук жана шаарык соттор чыгарган өкүмдөрдү кароого киришти.

Алардын бирин бүгүн карап чыгып, күчүндө калтырды. Бул “Ата Мекен” партиясынын юристтеринин быйыл февраль айында пресс-конференцияда жарыялаган маалыматына байланыштуу иш.

Адвокаттар иш калыс каралбай калганын айтып, аны Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайра териштирүүгө жөнөтүү өтүнүчүн келтиришти. Бирок Жогорку Сот бул өтүнүчтү четке какты.

Юристтердин Дача СУ айылындагы учак кырсыгы боюнча пресс-конференциясында айтылгандарды жарыялаганы үчүн буга чейин Zanoza.kg сайтынын ээси "ПроМедиа" (негиздөөчүлөрү Нарын Айып жана Дина Маслова) фондунан үч миллион, ал эми юристтерден он миллион сом өндүрүү чечими чыккан болчу.

Ошондой эле аталган сайтка “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипр өлкөсүнө сапары тууралуу комментарийи чыгып, редакциядан үч миллион сом талап кылган доону райондук жана шаардык сот канааттандырган.

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткандарына байланыштуу андан үч миллион, Zanoza.kg сайтынан үч миллион, анын негиздөөчүлөрүнүн ар биринен да үч миллион сомдон өндүрүү тууралуу чечим чыккан.

Дагы эки доо боюнча журналист Нарын Айыптан алты миллион, сайттан алты миллион сом өндүрүп алуу керек деген чечим чыккан болчу.

Ошентип, жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыздар шаардык сотто канааттандырылган. Анын ичинен "ПроМедиа" 15, Нарын айып 9, Дина Маслова 3 миллион төлөөгө милдеттүү экени айтылган.

Жогорудагы иштер боюнча "президенттин ар-намысына шек келтирилди" деген негизде доо арыз менен сотко Башкы прокуратура кайрылган. (ZB)

XS
SM
MD
LG