Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Шри-Ланкадагы катуу шамалдан жети киши мерт болду


Жыл сайын Шри-Ланкада табигый кырсыктардан орто эсеп менен 200дөй киши каза болот.
Жыл сайын Шри-Ланкада табигый кырсыктардан орто эсеп менен 200дөй киши каза болот.

Шри-Ланканын табигый кырсыктар менен күрөшүү борборунун маалыматына караганда, 29-ноябрда болгон катуу шамалдан жети киши курман болуп, бешөөнүн дайыны табылбай жатат. Жоголгондор деңиз тарапка кеткен балыкчылар экени жана аларды издөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Жалпысынан катуу шамалдан аралдагы 20 миңдей киши жабыркады. Электр зымдары үзүлүп, мамлекеттик мекемелер, мектептер ишин токтотту. Жергиликтүү тургундар бийликтин аракеттерине ичи чыкпай жатышканын айтышууда.

Жыл сайын Шри-Ланкада табигый кырсыктардан орто эсеп менен 200дөй киши каза болот. Быйыл майда болгон катуу нөшөр 122 адамдын өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG