Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы кызматын тапшырды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, “Республика - Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Канатбек Мүсүралиев кызматын тапшырды. Анын бул тууралуу арызы 30-ноябрдагы жыйында кабыл алынганын шаардык кеңештин басма сөз катчысы Чынара Усупбаева “Азаттык” радиосуна ырастады.

28-ноябрда Кыргызстан социал-демократтар фракциясы көпчүлүк коалициядан чыга турганын анын лидери Алмаз Кененбаев билдирген. Айрым маалымат каражаттары бул төраганы алмаштырыш үчүн жасалган кадам экенин жазып чыгышкан. Анын себебин Кененбаев “Азаттыкка” мындай деп түшүндүрдү:

- Ал кичине туура эмес. Биз жаңы форматта коалиция түзүп алып иштейли деген негизде анын курамынан чыгып кеттик. Ал эми регламенттин 16-беренесинде төраганы көпчүлүк коалиция сунуш кылат. Ошондуктан ушундай маселе болуп калды. Бул саясат эмес, биздин ишибиз, чарбачылык жумуш.

Кененбаев коалиция түзүү боюнча бардык тараптар менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция социал-демократтар, “Республика - Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн болчу. Оппозицияда “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG