Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

БШК: “Республика – Ата-Журт” оппозицияда калат


Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика – Ата-Журт” фракциясы оппозицияда калуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык кеңештеги төрагалык кызматты тапшырып берген ушул фракциянын мүчөсү Канатбек Мүсүралиев кабарлады.

- Биз коалиция тарагандан кийин оппозицияга кетебиз деген чечимге келдик. Бул фракциянын чечими. Ошол себептүү төрагалыкты ээлеп отурганга менин моралдык укугум жок деген позиция болду.

28-ноябрда шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициядан Кыргызстан Социал-демократтар (КСДП) фракциясы чыгып кеткен.

Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция КСДП, “Республика - Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн болчу. Оппозицияда “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG