Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:58

АКШнын Мамлекеттик департаменти "мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан алуу пландалып жатат" деген маалыматтарды төгүндөдү.

Мекеменин маалымат кызматы Тиллерсон менен президент Дональд Трамптын ортосунда пикир келишпестик болгонун, бирок ал саясий багытка байланышуу экенин билдирди.

Буга чейин АКШнын маалымат каражаттары Ак үй мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан кетирүү планын даярдап, анын ордуна Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Майк Помпео даярдалып жатканын жазышкан.

Президент жана мамлекеттик катчы эл аралык маселелер боюнча карама-каршылыктуу билдирүүлөрдү жасап келишкени маалым. Тиллерсон ошондой эле демократтар жана айрым республикачылар тарабынан АКШ дипломатиясын алсыздатканы үчүн сынга кабылып келген. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG