Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Зимбабвенин президенти жаңы өкмөт курады


Жаңы президент Эммерсон Мнангагва.
Жаңы президент Эммерсон Мнангагва.

Зимбабвенин президенти Эммерсон Мнангагва өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн дайындады.

Мамлекеттик Зет-би-си телеканалы 30-ноябрда кабарлагандай, буга чейин киберкоопсуздук жана коркунучтарды аныктоо министри болуп келген Патрик Чиномаса Финансы жана экономика министрлигине келди.

Жаңы дайындоолорго ылайык генерал Сибусисо Мойо тышкы иштер министри, Коопсуздук тармагын Кембо Мохади жетектемей болду. Маалыматта айтылгандай, жалпысынан 22 жаңы министр, алардын алты орун басарлары жана өзүнчө провинциялардын 11 жаңы жетекчилери ишке киришти.

Зимбабведе өлкөнү 37 жыл башкарган Роберт Мугабе кызматтан кеткенден кийин жаңы президент ишке киришти. Мугабе ай башында иштен айдаган мурдагы вице-президент Эммерсон Мнангагва 24-ноябрда президент катары ант берген.

Ал биринчи ишин экс-президенттин тушунда куралган өкмөттү таратуу менен баштаган. Өзү буга чейин айтып келгенедй министрликтердин санын 11 позицияга кыскарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG