Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

Ашхабадда ашкереленген Starbucks Coffee жабылды


Ашхабадда дүйнөгө белгилүү Starbucks Coffee брендинин аталышын алып жүргөн кафе жабылды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда анын ордунда мурдагы эле тамак-аштарды сунуштаган, бирок Starbucks белгиси жок «Стадион» деген аталыштагы кафе иштеп жатат.

Азырынча үч ай мурда ачылган бул коомдук тамактануу жайдын жабылышы боюнча расмий билдирүү боло элек.

Жакында эле маалымат каражаттарынын биринде Ашхабаддагы Starbucks Coffee деген аталыштагы кафенин дүйнөгө белгилүү соода маркасына эч кандай тиешеси жоктугу тууралуу билдирүү пайда болгон.

Анда Starbucks компаниясынын коомдук байланыштар боюнча жетекчиси Хайме Райлей (Jaime Riley) алардын Түркмөнстанда соода жайы жок экенин айткан. Макалада ошондой эле компаниянын дүйнөнүн 70 өлкөсүндөгү 24 000 тамактануу жайынан турган картасында Ашхабаддагы кафе көрсөтүлбөгөнү белгиленген.

XS
SM
MD
LG