Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Сөз эркиндигин коргоо комитети сот чечимдерине тынчсыздануу билдирди


Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети укук коргоочуларга жана Zanoza сайтынын негиздөөчүлөрүнө карата Жогорку Сот 30-ноябрда чыгарган чечимге тынчсыздануусун билдирип, муну сөз эркиндигин чектөө деп сыпаттады.

Жогорку Сот Zanoza.kg сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канат Азизге, Таалайгүл Токтакуновага жана "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган үч иш боюнча өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырган.

Алар: “Ата Мекен” партиясынын юристтеринин Дача СУ айылындагы учак кырсыгы, Өмүрбек Текебаевдин Кипр өлкөсүндөгү сапары тууралуу комментарийи, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткандарына байланыштуу иштер. Бул айтылгандарды басып чыгарганы үчүн Zanoza.kg сайтынын ээси "ПроМедиа" фонду (негиздөөчүлөрү Нарын Айып жана Дина Маслова) доого жыгылган.

Райондук жана шаардык сотто Нарын Айып, Дина Маслова жана аталган басылма 27 миллион сом, Жакупова 3 миллион, "Ата Мекендин" юристтери 10 миллион сом төлөшү керек деген чечим чыккан. Үй-мүлктөрү камакка алынган.

Жогорудагы иштер боюнча "президенттин ар-намысына шек келтирилди" деген негизде доо арыз менен сотко Башкы прокуратура кайрылган. Экинчи тарап муну саясий куугунтук деп айтып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG