Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Мыйзамсыз багылган дагы бир арстан Каракол зоопаркына өткөрүлдү


Актилектин салмагы 20-25 кг.
Актилектин салмагы 20-25 кг.

Мыйзамсыз багылып жүргөн арстандын баласы Караколдогу “Бугу эне” коомдук фондуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева кабарлады.

Анын айтымында, белгисиз бирөөлөр кечээ түн маалында арстандын баласын фонддун жетекчисинин үйүнө калтырып кетишкен:

- Алар эч нерсе дебестен, өзүн тааныштырбастан, арстанды фонддун жетекчиси Салтанат Сейитованын колуна карматып кетип калышкан. Ал дароо Мамэкотехинспекцияга кабарлап, биздин экологдор менен кошо арстандын баласын текшерүүгө алышкан. Жырткычтын баласы жакшы үй шартында багылганы аныкталып, эч кандай оорусу жок экени такталды.

Кичинекей арстанды Актилек деп атап коюшту. Анын жашы болжол менен 4,5 айлык, салмагы 20-25 кг.

Бир ай мурда Бишкекте белгисиз бирөөлөр көчөдө ээрчитип жүрүшкөн арстандын баласы табылып, ал да Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилген. Аны Акжолтой деп аташкан. "Кызыл китепке" кирген бул жаныбардын баласын Ысык-Көл облусунун тургуну мыйзамсыз багып жүргөнү маалым болуп, ага карата жеринен протокол түзүлгөн.

Ал арстан CITES эл аралык конвенциясына кирген жаныбарлардын бир түрү экени айтылган.

“Бул конвенцияга үй шартында багууга уруксат берилбеген жапайы жаныбарлар кирет. Себеби алар бир аз чоңойгондон кийин адамдын өмүрүнө да кол салып жибериши толук мүмкүн”, - деп билдирген Анара Мамбеталиева. (RK)

XS
SM
MD
LG