Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 05:32

Ош шаарындагы Шакиров көчөсүндө жашаган 6-класстагы баланын өлүмүнө шектүү катары анын өз атасы кармалды.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, баланын сөөгү 29-ноябрда түндө өзү жашаган үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн табылган. Ал учурда үйгө чакыруу менен "Тез жардам" кызматы келип, дарыгерлер милицияга кабар берген. Адистер баланын денесинде ар кандай тактар калганын айтышкан. Анын себебин аныктоого соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Маркумдун үй-бүлөсүн жакшы тааныгандар бала атасынан көп зомбулук көргөнүн билдиришкен. Мунун негизинде милиция кылмышка шектүү катары баланын атасын кармап, 1-декабрда эки суткага убактылуу кармоочу жайга камады. Тергөө жүрүп жатат.

Бирок шектүүнүн туугандары бала мектептен денеси көгала болуп келгенин, атасы бейкүнөө экенин айтып, милиционерлердин коркутуусу менен камакка алынганын билдиришти. Бул боюнча шаардык прокуратурага арыз жазышты. (YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG