Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:14

Сауд Аравия Йеменден атылган ракетаны атып түшүрдү


Йеменден Саудияны карай баллистикалдык ракетанын атылышы катары сыпатталган учурду хуситтерге жан тарткан “ал-Мусира” телеканалы көргөзгөн. 4-ноябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Сауд Аравиянын мамлекеттик маалымат каражаттары билдирүүдө.

"Сауд Пресс" агенттиги коңшулаш Йемендеги шийит козголоңчуларына каршы Сауд Аравия баштаган коалициянын өкүлүнө шилтеме кылып маалымдагандай, Йеменден Хамис Мушаит шаарына багытталган ракета ортодон, бутага жеткирилбестен атып түшүрүлгөн. Андан эч зыян болгон эмес.

Коалициянын өкүлү Турки ал- Малики Йемендеги хусит козголоңчулардын колунда баллистикалык куралдын болушу аймактык жана эл аралык коопсуздук үчүн коркунуч келтирерин да кошумчалады.

Буга чейин 4-ноябрда да Саудия борбору Эр-Рияддагы аэропортту карай багытталганы айтылган ракета бутага жеткирилбестен атып түшүрүлгөн болчу.

Саудиянын ханзаадасы Мухаммад бин Салман хусит козголоңчуларын ракета менен жабдуу аркылуу “тиүздөн-түз аскердик агрессия кылып жатат” деп Иранды айыптаган. Тегеран болсо мындай дооматтарды четке каккан. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG