Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Навальныйдын шайлоо штабынын башчысы 30 күнгө кесилди


Леонид Волков Алексей Навальныйдын Ивановодо шайлоо кеңсеси ачылган учурда. 21-апрель, 2017-жыл.
Леонид Волков Алексей Навальныйдын Ивановодо шайлоо кеңсеси ачылган учурда. 21-апрель, 2017-жыл.

Нижный Новгород шаарында 29-сентябрдагы демонстрацияны уюштурганы үчүн 30 күндүк абакка бүгүн кесилгенин Леонид Волков өзү жарыялады. Соттун бүтүмүнө караганда, бул демонстрациянын уюштуруучулары бийликтен күн мурдатан уруксат алышкан эмес.

Буга чейин 2-октябрда Москванын соту Волковду Нижный Новгороддогу демонстрация үчүн 20 күнгө соттогон болчу. Бирок ал үч күндөн абактан чыгарылып, иши кошумча тергөөгө жиберилген.

Президент Владимир Путиндин башкы сынчысы, оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Алексей Навальный Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын бүтүмүнө карабай 2018-жылдын мартындагы президенттик шайлоого катышуу аракетин көрүүдө.

Орусия БШКсы Навальный соттолгондугу жоюлмайынча президенттикке талапкер катары каттала албасын билдирген. Навальный ага карата буга чейин чыккан сот чечимдеринин баарынын саясий жүйөсү бардыгын айтып, алдыдагы шайлоого даярдык көрүү ишинде өзү жана штаб мүчөлөрү кириптер болгон окуяларды саясий куугунтук катары баалап келет. (UE)

XS
SM
MD
LG