Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:15

АКШ: Трамптын экс-кеңешчисине айып тагылып, ал күнөөсүн мойнуна алды


Майкл Флинн Вашингтондогу Федералдык сотко келген учур. 1-декабрь, 2017-жыл.

1-декабрда жарыяланган соттук документтерге караганда, АКШ президенти Дональд Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн ФБРге жалган маалымат бергени үчүн айыпталууда. Ал 2016-жылдын 8-ноябры менен 2017-жылдын 20-январы аралыгында Орусиянын АКШдагы ошол кездеги элчиси Сергей Кисляк менен санкциялар маселесин талкуулабаганын ФБРге айтканда “билип туруп эле жалган” маалымат берген.

Флинн 1-декабрда Вашингтондо, федералдык сотто көрсөтмө берген учурунда күнөөсүн мойнуна алды жана муну анын адвокаттары ырасташты.

Ал эми президент Трамптын адвокаты Тай Кобб отставкадагы генералдын күнөөсүн мойнуна алышынан башка эч кимге таасир тийбей турганын белгиледи.

Флинн президент Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилик кызматында 24 күн эле иштеп, вице-президент Майк Пенске орус элчиси менен байланыштары боюнча туура эмес маалымат бергени билингенден кийин кеткен.

Президент Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен былтыркы шайлоо учурундагы ыктымал байланыштары боюнча азыр атайын прокурор Роберт Мюллер баштаган топ иликтөө жүргүзүп жатат. Флинн Орусиянын АКШдагы былтыркы шайлоого кийлигишүүсү боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн алкагында айып тагылган төртүнчү адам болду. Буга чейин президент Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортко, анын кызматташы Рик Гейтске жана тышкы саясат боюнча мурдагы кеңешчи Жорж Пападопоулоско айып тагылган. Пападопоулос ФБРдин агенттерине калп айтканын моюнга алып, учурда тергөө тобу менен кызматташууда.

АКШнын чалгын мекемелери Орусия былтыркы президенттик шайлоого таасир көргөзүү максатында атайын өнөктүк жүргүзгөн деген бүтүмгө быйыл январда келген. Москва мындай ырастоолорду четке кагып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG