Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 05:33

Рим папасы рохинжа мусулмандары менен кездешти


Рим папасы рохинжа мусулмандарынын өкүлдөрү менен жолуккан учур. Дакка, 1-декабрь, 2017-жыл.

Папа Францис рохинжа мусулмандарынын өкүлдөрү менен Бангладештеги сапары учурунда кездешип, алардан кечирим сурап, буга кошумча биринчи жолу бул этникалык топту “рохинжалар” деп атады. Ага чейин Мьяманын өзүндө болгондо Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы мындай сөздү колдонгон эмес. Себеби Мьянманын бийликтери рохинжаларды этникалык топ катары тааныбайт жана аларды “бенгалдар” деп атайт.

Бангладештин борбору Даккада папа Францис рохинжа мусулмандарынын 16 өкүлү менен жолугуп, алардын окуяларын укту. Папа ошондой эле “дүйнөнүн кайдыгерлиги” үчүн кечирим да сурады.

Быйыл августтан бери Мьянмадан Бангладешке 620 миңдей рохинжа мусулман качып келген.

Улуттар Уюмунун жана АКШнын расмий өкүлдөрү рохинжа мусулмандары туш болгон кырдаалды “этностук тазалоо” катары мүнөздөшкөн.

Мьянманын аскердик жетекчилиги "жайкын тургандарды атайылап бутага алды" деген дооматтарды четке кагып, Ракхай штатындагы коопсуздук операцияларына рохинжа мусулмандарынан чыккан согушкерлердин чабуулдары себеп болгонун айтып келет.

Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжа мусулмандары өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG