Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Нурлан Сарчаев Чүй милициясынын башчысы болуп дайындалды


42 жаштагы Нурлан Сарчаев Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат таратты.

Полковник Сарчаев 1993-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат кылып келет. Ал буга чейин Бишкектин райондук милициясында иштеген жана Нарын облустук милициясын жетектеген.

Чүй облустук милициясын буга чейин Канат Жумагазиев жетектеп келген. Ал өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен мурдагы Патрулдук милициянын, азыркы Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.(UEz)

XS
SM
MD
LG