Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Жумагулов: Сыйлыкты аткаруучуга эмес, жаратманга ыйгаруу керек


Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов маданият тармагындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга жаңыча көз караш керек деген пикирде.

“Мамлекеттик сыйлыктарды аткаруучулардан мурда жаратуучуларга ыйгаруу зарыл. Жер-жерлердеги китепкана, музей, музыкалык окуу жайлардын кызматкерлери, ошондой эле кол өнөрчүлөр, комуз чапкан усталар, зергерлер унутта калып жатат”,- деди Султан Жумагулов бул маселеге арналган жыйында.

Акыркы убактарда коомчулук мамлекеттик сыйлыктар көп санда жана татыктуу эмес адамдарга берилип жатканын сындап келет.

Курманбек Бакиевдин убагында (2005-2010) 3453, Алмазбек Атамбаев башкарган жылдары (2012-2017) 1307 мамлекеттик сыйлык берилген.(UEz)

XS
SM
MD
LG