Ысык-Көл районунун Бостери айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүчү коррекциялык класс ачылды.
Айыл тургуну Роза Токтобаева атайын долбоор жазып, Швейцария өкмөтүнөн 2 млн сомго каржылык колдоо алган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Бостери айыл өкмөтү 10% кошумча, тактап айтканда 200 миң сом жардам көрсөткөн.
Район аймагында алгачкы жолу ачылган коррекциялык класста мындан ары башка айылдардан келген майып балдар да билим алышат.
Коррекциялык класста бардык шарттар каралган жана өзгөчө билимге муктаж балдарга коомго аралашууга жардам берет. Класста 20 бала бир убакта билим алса болот. Ысык-Көл районунда жалпы 18 жашка чейинки 499 майып бала каттоодо турат.(AsM)