Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Тел-Авивде коррупцияга каршы митингге миңдеген адамдар чыгышты


Митингге ар кандай маалыматтар боюнча 20 миңдей киши чыкканы кабарланууда.
Митингге ар кандай маалыматтар боюнча 20 миңдей киши чыкканы кабарланууда.

Израилдин баш калаасы Тел-Авив шаарында 3-декабрда өткөн митингге ар кандай маалыматтар боюнча 20 миңдей киши катышты. Алар коорупцияга жана премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун ар кандай иликтөөлөрдөн коргоого багытталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти.

Коррупцияга шектелип жаткан Нетаньяхуга каршы митингдер жума сайын өтүп жаткан, бирок бул жолку чыккан кишилердин көптүгү менен айырмаланды. Өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоору Израил полициясына расмий кызматтагыларга байланыштуу айыптоолор боюнча иликтөөлөрдү жарыялоого тыюу салат.

Бул долбоордун жактоочуларынын айтымында, мыйзам шектүүлөрдүн укугун коргоого багытталган. Ал эми каршылардын пикиринде долбоор Нетаньяхунун иши боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыктарын коомчулуктан жашырууга шарт түзөт.

Өкмөт башчы пара алган жана кызматынан кыянатчылык кылган деп шектелүүдө. Ал америкалык магнат Арон Мильчандан жана австралиялык миллиардер Жеймс Пэкерден кымбат баалуу белектерди алган деген шек менен 2- декабрда да полицияга сурак берген.

Бул Израилдин премьер-министринин айланасындагы коррупцияга байланыштуу биринчи чуу эмес. Жыл башында ал ишкер Рон Лаудерден кымбат баалуу белектерди алганы боюнча да суракка алынган.

XS
SM
MD
LG