Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:10

Трамп ФБРди сынга алды


АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Доналд Трамп жекшембиде Федералдык тергөө бюросун (ФБР) сынга алды. Ал кызматтын азыркы аброюн тарыхтагы эң начар деңгээлде деп баалады.

Бул тууралуу Трамп өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына 3-декабрда жазды.

"ФБРди бир нече жыл Коминин башкаруусунда болуп, Клинтон жана башкаларга карата адилетсиз иликтөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин мекеменин аброю эң жаман абалда - тарыхтагы эң төмөн деңгээлге түштү. Бирок, ишенип койгула, биз аны кайра өз даражасына жеткиребиз", - деп жазды ал өз "Твиттерине".

Мунун алдында 2016-жылдагы президенттик шайлоонун жүрүшүнө Орусиянын тийгизген ыктымал таасирин иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллер ФБРдин атайын өкүлдөрүнүн бири Питер Стрзокту иликтөө ишинен четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга Стрзоктун Доналд Трамптын саясий көз караштарын сынга алган каттары себеп болгон.

"Мына эми бардыгы ачыкка чыга баштады", - деп жазды Трамп.

Атайын прокурор Роберт Мюллер 2016-жылы Америкада өткөн президенттик шайлоого Москванын ыктымал кийлигишүүсү жана Трамптын шайлоо штабынын мүчөлөрүнүн Орусия менен болжолдуу байланыштары боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG