Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:08

Кыргызстанда "Код сааты" өнөктүгү башталды


Кыргызстанда "Код сааты" өнөктүгүнүн кезектеги айлампасы башталды.

Акция 4-10-декабрь күндөрү өлкө аймагында өтүп, адистер жаштарга компьютердик программалоо ыкмаларын бекер үйрөтүшөт. Жыйындар мектептерде жана китепканаларда уюштурулат. “Сорос-Кыргызстан” фонду демилге көтөрүп, колдоо көрсөткөн саамалыкты "Биздин мурас" уюму ишке ашырууда.

Анын максаты – жаштардын информатикалык сабаттуулугун арттыруу экенин уюштуруучулар “Азаттык” радиосуна кабарлашты.

"Код сааты" - компьютер программалары боюнча кесипке жаштардын көңүлүн бурууга арналган бүткүл дүйнөлүк өнөктүк. Ага үгүттөө иштерине Барак Обама, Жастин Трүдо, Марк Цукерберг, Билл Гейтс, Шакира жана башка атактуулар катышып келүүдө. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева "Код саатына" катышууга жаштарды чакырган саясатчылардын бири.

Бул саамалык Кыргызстанда ушуну менен үчүнчү ирет уюштурулууда. (SE)

XS
SM
MD
LG