Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:38

Чүйдө милиция кызматкери өз өмүрүн кыюуга аракет кылды


Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн патрулдук милиция кызматкери өзүнө бычак уруп, өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициясынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов ырастады. Ал кабарлагандай, окуя 3-декабрь күнү 20:00дөрдө орун алган:

- Кызматкер башында башкача көрсөтмө берип “мени бирөөлөр сайып кетти” деп айткан. Биздин өздүк коопсуздук кызматы барып териштирүү иштерин жүргүзгөн учурда үйүнөн канга боёлгон палас, кийимдер табылган. Соттук медициналык экспертиза дайындалган. Кийин аялынын көрсөтмөсү боюнча “экөө чырдашып кетип, анан милиция кызматкери өзүнө-өзү ашканада турган бычакты сайып алганы” аныкталды. Ага аймактык ооруканада операция жасалган.

Ал эми милиция кызматкеринин акыркы абалы боюнча так маалымат айтыла элек. Бул иш боюнча ИИМдин өздүк тергөө кызматы териштирүү иштерин улантууда.

Жайыл РИИБнин патрулдук милиция кызматкери Э.Н. 27 жашта. Ал бул кызматта 2011-жылдан бери иштечү. Аялы, эки баласы бар. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG