Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:46

Экс-муфтий Жалилов экинчи жолу суракка чакырылды


Чубак ажы Жалилов.

Бишкек шаардык милициясы мурдагы муфтий Чубак Жалиловду бүгүн дагы суракка чакырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Чубак Жалиловго чакыруу Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүсү Октябрь Макенбаевдин атынан келген. Алар Жалиловду буга чейинки экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу чакырышкан. Тергөөчүлөр экс-муфтийден “экинчи аял алдым деген маалымат жалган деп айтып кой” деп талап кылып жатышат, - деди Токталиев.

Жалилов 3-декабрь күнү да Бишкек шаарынын тергөөчүлөрү тарабынан суракка алынган. Токталиевдин айтымында, экс-муфтий алты саат суракка алынган, бирок милиция аны эки саат гана сураганын билдирүүдө.

Чубак ажы Жалилов өткөн жумада экинчи аял алганы тууралуу видео тараткан. Ал: "Мен үйлөндүм. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга анын укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм", деп жарыялаган.

Анын бул айткандарына Жогорку Кеңештеги айрым депутат аялдар реакция жасап, укуктук баа берүүнү талап кылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG