Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Сузакта машине жол четиндеги окуучуларды сүзүп кетти


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жалал-Абад-Казарман жолунун 35-чакырымындагы Кара-Чолок айылында жолдун четинде бара жаткан 9-класстын окуучуларын автоунаа сүзүп кеткен. Облустук милиция кабарлагандай, окуя 3-декабрь күнү кечинде катталган. Кырсыктан 9-класстын окуучусу каза болуп, дагы бири ооруканага жеткирилди. Калган үч окуучу унаадан качууга үлгүргөн. Балдарды сүзгөн айдоочу изин жашырып кеткен. Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында Таран-Базар айылынан "Нива" унаасы табылып, ээсине издөө жарыяланды.

Ушул эле күнү Жалал-Абад-Казарман автожолунун 38-чакырымында 41 жаштагы жергиликтүү тургунду машине сүзүп кетип каза болгон. Изин жашырган айдоочу кармалып, сурак берип жатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстанда 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады. Жарадар болгондордун саны 8 миңге жакын. (RsK)

XS
SM
MD
LG