Линктер

дүйшөмбү, 22-январь, 2018 Бишкек убактысы 16:08

Кадамжай районунун аймагында алты жүргүнчү менен бараткан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичиавтобус кырсыкка кабылды. Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова ырастады.

Кырсык бүгүн, 4-декабрда эртең менен орун алган. Автоунаанын ичинде алты жүргүнчү болгон, алардын баары жаракат алып райондук ооруканага жаткырылган. Жүргүнчүлөрдүн абалы орточо деп маалымдалууда.

Кырсыкка тайгак жол себеп болгон деп болжолдонуп жатат. Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгы калган маалыматтар иликтөөдөн кийин айтыларын билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кичиавтобус Ош-Баткен багыты боюнча Айдаркен тарапты көздөй бараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG