Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 12:13

Нарында кармалган сүлөөсүн кайра кое берилди


Сүлөөсүндү кое берүү учуру.

4-декабрда Нарын районунда кармалган сүлөөсүн Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун Кара-Таш аймагына жеткирилип, кое берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева кабарлады.

Анын айтымында, 2-декабрь күнү Нарын районунун Жан-Булак кыштагынын тургуну Темирбек Мамбеткожоев тоокканасына жапайы мышык кирип алганын айтып, Экотехинспекциясынын кызматкерлерине телефон чалган. Мекеменин Нарын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери барып көрүшкөн учурда кармалган жандык Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү сүлөөсүн экени аныкталган. Инспекторлордон түзүлгөн комиссия сүлөөсүндүн эч кандай жаракаты жок экенин аныктап, аны кайра талаага кое берүүнү чечишкен.

Сүлөөсүн 1986-жылы СССРдин жана Кыргыз ССРинин Кызыл китептерине киргизилип, ага аңчылык кылуу тыюу салынган.

Кызыл китепке кирген жандыктардан буга чейин Баткенде эчкиэмер кармалып, талаага кое берилсе, Бишкекте Африка арстанынын эки күчүгү кармалып, зоопаркка өткөрүлүп берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG