Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:23

Бишкектин хоккейчи балдары АКШдагы мелдеште жеңди


Бишкек шаарынын хоккей боюнча балдардын курама командасы "Barrington Ice Arena 2017" кубогунун жеңүүчүсү. Чикаго, АКШ. 5-декабрь, 2017-жыл.

Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки балдардан куралган командасы АКШнын Чикаго шаарында өткөн "Barrington Ice Arena 2017" кубогунда жеңүүчү болуп, алтын медал алышты.

Бул тууралуу оюнчулардын ата-энелери билдиришти. 5-декабрдын таңында болгон финалдык оюнда бишкектик оюнчулар "Ice Dogs" командасы менен мелдешкен. Биринчи айлампада 3:0 эсебинде "Ice Dogs" командасынын оюнчулары алдыга чыгышкан. Экинчи айлампада эсеп 4:4 эсебинде теңелди. Үчүнчү айлампада эки команда дагы бирден голду эсептерине жазып, мелдештин негизги убактысында 5:5 эсебинде тең чыгышкан.

Жеңүүчүнү аныкташ үчүн буллит дайындалып, анын натыйжасында 8:7 эсебинде кыргызстандык оюнчулар жеңишке жетти.

Чечүүчү булит. Видео Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки жеткинчектерден куралган командасынын оюнчусу Нуртемир Сулаймановдун баракчасынан алынды.

"Barrington Ice Arena 2017" мелдеши 1-декабрда башталган. Ага АКШдан, Канададан жана Кыргызстандан беш команда катышты. Бишкектин хоккей боюнча балдар курама командасы финалга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач ал "Ice Dogs-2" командасына 11:7 эсебинде жеңилген. Кийин Чикаго курама командасын (9:3) жана "Evelance Chicago" командасын (12:2) утуп финалга жолдомо алган. (ECh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG