Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Өзбекстанда мурдагы саясий туткун Мурад Жураев каза болду


Мурад Жураев солдо.
Мурад Жураев солдо.

«Эрк» демократиялык партиясынын мүчөсү, Өзбек ССРинин Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты жана Мубарек шаарынын экс-мэри Мурад Жураев 65 жашында дүйнөдөн кайтты.

Ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахман Ташановдун айтымында, Мурад Жураев 4-декабрда күтүүсүздөн каза болгон.

Акыркы айларда Жураев дарылануу үчүн Германияга барууга даярдык көрүп жүргөн. Ал бийликтин өлкөдөн чыгууга уруксатын эки жыл күтүп, өлкөдөн чыгуу визасын быйыл 7-октябрда алган болчу.

Эгемен Өзбекстандын тарыхында эң узак мөөнөттө, 20 жылдан ашуун абакта отурган Мурад Жураев 2015-жылы 12-ноябрда эркиндикке чыккан. Туугандары ал дарыланууга муктаждыгын билдирип жүрүшкөн.

1995-жылы Өзбекстандын Жогорку Соту Мурад Жураевди бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген күнөө менен 12 жылга эркинен ажыраткан. Өзбек бийлиги Жураевдин камактагы мөөнөтү бүтөйүн деп калганда түрдүү шылтоолор менен дагы убакыт кошуп келген.

XS
SM
MD
LG