Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Кыргызстан ДСУга жазган арызын кайра алышы мүмкүн


Кыргызстан Казакстанга карата Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) жазган арызын кайра чакыртып алышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн чек арасында пайда болгон кырдаал боюнча “Жол картасына” кол коюлган соң маселени эл аралык уюмдун кароосуна коюунун зарылчылыгы калган жок.

“Биз буга чейин берген кайрылуубузду токтотуп, чакыртып алышыбыз мүмкүн. Себеби, “Жол картасын” ишке ашыруу боюнча келишимге жетиштик. Бирок эл аралык укукта каралган бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдоно аларыбызды далилдедик”, - деди Абдыгулов.

10-октябрда кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөтүлгөн соң кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна арыз менен кайрылган. Анда Казакстан эл аралык уюмдун эркин соода жүгүртүү эрежесин бир тараптуу бузуп жатканы айтылган.

Арыз 10-ноябрда Дүйнөлүк соода уюмунун Товар соодасы боюнча кеңешинин Женевада өткөн жыйынында каралган.

2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлган. “Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин комплекстүү чечиш үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган.

Ошондон кийин кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр азайган.

XS
SM
MD
LG