Татарстандын Казан шаарында 16 жаштагы кыргызстандык жигит каракчылык боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Улуттук гвардиясынын мекеме аралык күзөт кызматынын Татарстандагы бөлүмү кабарлады.
Мекеменин сайтында жазылгандай, 1-декабрда «Южный» соода борборунда кыргызстандык жигит окуу жайдын 18 жаштагы студентинин артынан түшүп, унаа токтотуучу жайда ага бычак менен кол салган. Студент унаа токтотуучу жайга келгенде ал андан 1 миң рубль талап кылып, бычагы жана газ тапанчасы менен коркуткан.
Кылмыш боюнча шектүү жаран кармалып, териштирүү иштери үчүн полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. (ErN)