Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Бишкекте «Укугу бузулган кыздардын жолу» аттуу акция башталды


Акция.
Акция.

Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин жанындагы аянтка белгиленген акцияда жашы жете электе күйөөгө берилген, билим алуу укугунан ажыраган, билимин жогорулатуу, өзүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калган кыздар менен жолугушуу башталды.

Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири, Кризистик борборлор ассоциациясынын башчысы Диана Макембаева «Азаттыкка» билдирди.

Акцияга элүүдөн ашуун кыз-келин катышууда. Алар өз тагдырлары жөнүндө айтып берип жатышат.

Акциянын жүрүшүндө демилгечилер өспүрүм кыздардын никеге турушу мыйзамсыздыгы, аларга нике кыйган диний кызматкерлердин, ата-энелердин кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө маалыматтарды таратышты. Акция дагы бир-эки саатка уланат.

Ушундай эле иш-чаралар Ош, Жалал-Абад, Каракол, Токмок, Нарын, Талас, Чолпон-Ата шаарларында, Алай районунда да өткөрүлөт. Аны Кыргызстандагы Кризистик борборлор биримдиги уюштурууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG