Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Таластагы майып балдарга жардам көрсөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таластагы мүмкүнчүлүгү чектелген 100дөн ашык балага жардам көрсөтүлдү. Жардам Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун демилгеси менен майыптардын эл аралык күнүнө карата берилди. Анын алкагында майып балдарга белектер тапшырылып, жардам көрсөтүлдү.

Буга чейин бул күнгө карата Социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкө боюнча майыптар үчүн 60 коляска тараткан. Министрликтин маалыматы боюнча өлкөдө 178 миңге жакын майып адам жашайт. Алардын 29 миңи балдар. (AlS)

XS
SM
MD
LG