Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Каракол шаарына миллион сомдук балаты орнотулууда


Каракол шаарынын борбордук аянтына балаты орнотулууда. Анын баасы 1 миллион сом болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл атайын тендер ойнотулуп, шаардык бюджеттен 1 миллион сомго Орусия өндүрүшүнөн чыккан жасалма балаты алынып келген. Балатынын узундугу 21 метр.

Шаар жетекчисинин айтымында, буга чейинки жаңы жылдык майрамдарда атайын тоодон кыйылып келген карагайлар орнотулуп келген. Аларды орнотууга жыл сайын орто эсеп менен 500 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталчу. (AsM)

XS
SM
MD
LG