Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 15:47

Самаковдун соту: Бакиевдин адвокаты жарыш сөз сүйлөдү


Игорь Чудинов, Искендербек Айдаралиев жана Карганбек Самаков. 11-сентябрь, 2015-жыл.

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков баштаган бир катар мурдагы жетекчилерге козголгон иш каралды. Анда айыпталуучулардын жарыш сөзү менен уланды.

Бүгүн мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын иниси Жаныш Бакиевге бекитилген адвокат Майрам Балтабаева сөз сүйлөдү. Ал мурдагы президент жана анын иниси Бишкектин айланасындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоого тиешеси жок экенин билдирди.

Соттук жыйын айыпталуучулардын биринин адвокаты ооруп келбей калганына байланыштуу кийинкиге жылдырылды.

Мурдагы депутат Карганбек Самаков менен кошо анын уулу Кубанычбек Самаков, экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер Искендербек Айдаралиев, мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоев, экс-президент Курманбек Бакиев жана Жаныш Бакиев айыпталуучу катары өтүп жатышат. Аларга 2008-жылы Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган деген айып тагылган. Алар бул дооматтардын негизсиз экенин айтып жүрүшөт.

Акыркы териштирүүдө прокуратура Карганбек Самаковду 19 жылга, Курманбек Бакиевди 30 жылга, Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратууну, калгандарын 11 жылдан 18 жылга чейин абакка кесүүнү сураган. Мамлекеттик айыптоо алардын күнөөсү толук далилденди деп эсептейт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG