Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Абдирасулова: Быйыл митингдерге жалпысынан жети айга тыюу салынды


Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан майрамдык иш-чараны милиция кайтарууда.
Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан майрамдык иш-чараны милиция кайтарууда.

Бириккен Улуттар Уюму кыргызстандык жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугунун азыркы абалына баа бериши керек. Бүгүн Бишкекте укук коргоочулар уюштурган жыйында ушундай пикир айтылды.

Талкууну “Кылым шамы” укук коргоо борбору уюштурду. Жыйынга Акыйкатчы аппаратынын, сот, прокуратура органдарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер катышты.

Талкуунун соңунда Жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугуна байланыштуу маселелер боюнча БУУнун атайын баяндамачысын Кыргызстанга чакырууну өтүнүп өкмөткө кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Ошону менен катар тынч жыйындар маселесин Акыйкатчынын жылдык баяндамасына өзүнчө бөлүм кылып киргизүү аркылуу парламенттин көңүлүн буруу боюнча сунуштар айтылды.

“Кылым шамы” борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, соңку эки жылда, айрыкча быйыл, жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу боюнча абал начар.

Абдирасулова митингдерге мурда милиция тыюу салса, эми соттордун чечими менен бир нече айга алдын-ала тыюу салынып жатканын айтты.

- Быйыл ошондой төрт чечим чыкты. Алардын негизинде Бишкекте жалпысынан жети айга тыюу салынды, - дейт ал.

Укук коргоочунун айтымында, мындай чектөө алгач быйыл жазында Ленин райондук сотунда, андан кийин эки жолу Биринчи Май жана сентябрь айында Октябрь райондук сотунда кабыл алынган.

Талкууга катышкан Жогорку Соттун өкүлдөрү тыюу салынган учурлар бар экенин, бирок алар конкреттүү бир жерге жана убакытка тиешелүү болгонун, андан башка чектөөлөр жок экенин айтышты.

Кыргызстанда жарандардын митинг-пикет өткөрүү укугу "Тынч жыйындар жөнүндө" мыйзам менен жөнгө салынат. (RK)

XS
SM
MD
LG