Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Орусия Федерациясында жүргөн мигрант кыз-келиндер төрөп таштаган беш баланы Кыргызстанга алып келди. Бул тууралуу министрликтин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова билдирди.
Анын айтымында, эми быйыл төрөлгөн төрт наристенин жана төрт жаштагы баланын жакындары изделип, балдарды кароого алуу сунуш кылынат. Эгер жакын туугандары балдардан баш тартышса, анда алар балдар үйүнө багууга берилет.
Өкмөттүн токтомуна ылайык кыргыз жарандары чет жерде төрөп таштаган балдарды алып келиш үчүн жылына 1,5 миллион сом бөлүнөт.
Анын негизинде Орусиядан 2011-жылдан бери 79 бала, анын ичинде былтыр 13 бала, быйыл 17 бала алынып келди. Назгүл Чолумованын маалыматы боюнча, азыр Кыргызстандагы ар кандай багыттагы 127 балдар мекемесинде 11 миңден ашуун бала тарбияланып жатат. (BD\ErN)