Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Трамп Израилдеги АКШ элчилиги боюнча билдирүүнү азырынча жарыялабайт


АКШнын президенти Доналд Трамп.
АКШнын президенти Доналд Трамп.

АКШнын президенти Доналд Трамп Израилдеги Кошмо Штаттардын элчилигин Иерусалимге жылдыруу боюнча чечимин азырынча жарыялбай тураарын 4-декабрда Ак үйдүн өкүлү Хоган Гидли маалымдады. Анын айтымында, чечим тууралуу билдирүү жакынкы күндөрү жасалат.

Мурдараак Трамп элчиликти Тель-Авивден көчүрбөй туруу боюнча буйрукка кол кое турган мөөнөт 4-декабрда аяктаарын билдирген. Жакынкы Чыгыштагы маселени ырбатып албаш үчүн мындай буйрукка 1995-жылдан бери АКШнын ар бир президенти кол коюп келген.

АКШдагы жогорку даражалуу аткаминерлердин айтымында, Трамп шайлоо өнөктүгүндө бул кадамдан баш тартуу боюнча убада бергенине карабай, элчиликти көчүрбөй туруу жөнүндө чечимге токтолушу толук ыктымал.

Анткен менен Ак үйдүн өкүлдөрүнүн айтымында, Трамп 6-декабрда билдирүү жасап, Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып салышы да мүмкүн. Бул кадам АКШнын ондогон жылдардан бери уланып келаткан саясатын бузуп, палестиндердин да кыжырын келтириши ыктымал.

Палестиндер качандыр бир Чыгыш Иерусалим алардын болочок мамлекетинин башкалаасына айланаарына үмүт артып келишет. Жөөттөрдүн, мусулмандардын жана христиандардын ыйык жайлары жайгашкан Иерусалим шаары толугу менен Израилдин карамагына өтүшүн көпчүлүк мамлекеттер да жактабайт.

XS
SM
MD
LG