Ош шаарында мушташтын айынан каза болгон студенттин өлүмүнө байланыштуу алты жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Кармалган балдардын экөө эч жерде окуп, иштебейт, төртөө Ош технологиялык университетинин студенттери. Алар 15, 16, 18 жана 25 жашта.
Ал эми каза болгон студент Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну, Оштогу окуу жайлардын биринде 1-курста окуган Дөөлөтбек Саатбек уулу болуп чыкты.
Кармалган жигиттердин көрсөтмөсүнө караганда Саатбек уулу мас абалында келип аларга жаңжал салып, андан соң тигилер аны токмоктоп салышкан. Чатактан улам Дөөлөтбек Саатбек уулу каза болгон. Окуя 3-декабрь күнү Ош шаарынын Насирдин Исанов көчөсүндө болгон.
Студенттин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. (ErN)